
Кыргызстандын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте эки өлкө аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады.
Ички иштер министрлиги алдын ала малыматтардын негизинде баңгизат каражаттары Тажикстандан Кыргызстан жана Казакстанга кылмышкерлер тарабынан таркатылгандыгын билдирди.
Кылмыштуу топ бир нече түзүмдүк бөлүнүштөрдөн туруп, алардын функциялары так бөлүштүрүлгөн.
Учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.
- 30.12.2021