Бүлөлү айылынын тургундары жаңы спорт сарайлуу болушту

Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндө жаңы спорт залы пайдаланууга берилди. Анын ачылуу аземине өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашев баш болгон жетекчилер жана аймактын жашоочулары катышышты.

Залдын курулушу 4 айга созулуп, республикалык бюджеттен 9,7 млн  сом сарпталган. Спорттук имаратка аталган айылдагы мектепте өмүрүнүн акырына чейин дене-тарбия мугалими болуп эмгектенген Сатыбалды Нуркуловдун наамы берилди.

 

Облус жетекчиси айыл тургундарын жаңы, заманбап имараттуу болушу менен куттуктап, акчалай белегин ыйгарды.

Бүлөлү айылынын жаштары спорттун волейбол жана күрөш түрлөрү менен алектенишип, облустук, райондук деңгээлдеги таймаштарга катышып турушат.

Машыгуучу залдын жоктугуна байланыштуу аталган спорттун түрлөрү менен жаштар жайкы аянтта даярдыктарды жүргүзүп келишкен.

Журналист: Нуржамал Баргыбаева

Оператор-монтажер: Кымбатбек Абдисамат уулу 

Сүрөт: Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.