Бүгүн Кыргызстанда республикалык ишембилик өтөт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргызстандыктарды 15-апрелде  өтө турган жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жазга карата даярдыктын алкагында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жыл сайын өтүүчү салтты жаңылап– аймактарда ишмебиликтерди өткөрүүнү тапшырган. Мындай иш чаралардын максаты – жаштарды өз мекенин сүйүүгө үндөө, жер-жерлерде тазалыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү тургундарды мобилизациялоо.

Белгилей кетсек, ыйман-адеп жана маданият жылынын алкагында ишембиликтерди өткөрүү атуулдук сезимдерди ойготуу менен, жалпы жарандардын айлана чөйрөгө болгон камкордугун күчөтүүгө жана эмгекти сыйлоону калыптандырууга багытталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.