Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Дүйшөмбү күнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта  +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө 0…+5, Нарында  —5…-10 градус суук болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, Бишкекте  +3…+5, Ош шаарында +4…+6 градуска жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.