Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар аралаш жаан жаайт

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө 0…+5, Таласта +9…+14 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарында +8…+13, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10 градус жылуу болот.

Ош шаарында абанын температурасы +10…+12, Бишкекте +5…+7 градус болушу болжолдонууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.