Бүгүн – бүткүл дүйнөлүк футбол күнү

10-декабрь жыл сайын футбол күнү катары дүйнө жүзүндө белгиленип келет. Кыргызстанда бул майрам официалдуу түрдө майрамдалбаганы менен, футбол күйөрмандары үчүн чоң мааниге ээ. Учурда Кыргызстанда 10го жакын футболдук клуб бар.

Спорттун бул түрү алгачкы жолу кытай булактарында биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта эскерилген. Анда футбол “цу чю” деп аталып, ал “бут менен түртүү” дегенди түшүндүргөн. Бул оюн аркылуу кытай аскерлери дайыма чымыр денелүү болууга умтулушкан. Бирок, футболдун  мекени туурасында так маалымат болбогондуктан талаш пикирлер көп. Айрым малыматтарда  футболдун мекени катары Англия өлкөсү көрсөтүлгөн.

Байыркы менен азыркы футболдун айырмасы чоң. Убакыттын өтүшү менен атайын эрежелер киргизилип, азыркы профессионалдуу футбол орун алган. Алсак, дарбазадагы тор тосмо алгачкы ирет 1891- жылы Түндүк жана Түштүк Англия ортосундагы беттеште орнотулган.  Жакынкы Орусия өлкөсүндө биринчи жолу официалдуу футболдук матч  1897-жылы болгон.  Ал эми Бүткүл дүйнөлүк футбол боюнча чемпионат 1930-жылы өткөрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.