Бүгүн 921 кишиден илдет аныкталды

Кыргызстанда 24-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 921 учур катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алар:

Бишкек – 273
Ош – 75
Чүй облусу – 140
Ош облусу – 91
Талас облусу – 25
Нарын облусу – 22
Ысык-Көл облусу – 107
Жалал-Абад облусу – 138
Баткен облусу – 50

Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 31 миң 247 адамга жетти.

Ал эми бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1 247 бейтап айыгып чыкты.

24-июль: 53 медкызматкер вирус жуктуруп алды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.