Бүгүн 24-октябрь Бириккен Улуттардын Уюмунун күнү белгиленүүдө

Бириккен Улуттар Уюму дүйнөлүк аренада глобалдык маселелерди чечкен, эң таасири күчтүү түзүм. Негизи өлкөлөрдүн саясатына гана эмес, экономикалык жагдайына да таасир бере алат.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнөдө тынчтыкты, коопсуздукту, мамлекеттердин өз ара мамилелерин көзөмөлгө алган. Дал ушул 24-октябрь БУУнун майрам күнү – мамлекеттер аралык деңгээлдеги көйгөйдү, маселелерди, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүгө, достук мамилелерди өнүктүрүүгө, дүйнөгө – Жер планетасына зыян кооптуу жагдайларды жок кылууга арналган күн.

Көп жылдык согуштар, экономикалык жагдайлар, чечилгис саясаттык маселелер уюмдун түзүлүшүнө түрткү болгон. Узак мөөнөткө созулуп жүрүп, көптөгөн жумуш-чараларды өткөрүп, түркүн декларациялар кол койуудан кийин 1945-жылы 25-апрельде даярдалып, ошол эле жылдын 26- июнда БУУнун Токтому кабыл алынган. 24-октябрьда уюмга кошулган мамелекеттердин макулдашуулары менен акыркы документтер даярдалып, дал ушул күндөн баштап Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн түзүлгөн күнүн баштаган.

БУУнун күнүн 193 мамлекет жана Бириккен Улуттардын Уюмуна караштуу ЮНЕСКО, ВОЗ, МАГАТЭ, ФАО, МВФ, МОТ, ЮНИДО, ЮНИСЕФ атайын түзүмдөр белгилешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.