Ажылык 2019: зыяратчыларды ташуу үчүн авиакомпанияларга сынак жарыяланды

2019-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстандын муфтияты зыяратчыларды ташуу боюнча авиакомпаниялар үчүн конкурс жарыялайт. Ага атамекендик жана саударавиялык авиакомпаниялар катыша алат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак  2018-жылдын 28-декабрынан 2019-жылдын 28-январь, саат 17:00гө чейин өтөт.

“Конкурска катыша турган авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кенен  маалымат алуу үчүн Муфтияттын кайрылса болот.

Конкурс өтө турган күн: 2019-жылдын 30-январы, саат 10:00

Жайы:Муфтияттын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу:

2018-жылдын 28-декабрынан 2019-жылдын 28-январы,  саат 17:00гө чейин.

Жыйынтыкты жарыялоо күнү:

2019-жылдын 1-февралы”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2018-жылы кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Аравиясынын Flaynas авиакомпаниясы ташыган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.