
Быйыл Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркын курууга капсула салуу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы маалымдагандай, парк Илхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылат.
Белгилей кетсек, аталган сейил бак Бишкек шаарынын түштүк тарабында курулуп, 5 жарым гектар аянтты ээлейт. Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары орнотулат.
- 10.01.2020