Азамат Үсөнов Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 17-апрелде билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматынан бошотулду.

Өлкөнүн Кытайдагы элчилиги Бээжинде жайгашып, Монголияны кошо карайт.

Жаңы элчи Азамат Үсөнов 1980-жылы туулган. 2002-жылы Кытай Эл университетинин Укук институтун, 2005-жылы ушул эле окуу жайдын Эл аралык мамилелер институтун аяктаган.

Эмгек жолун Тышкы иштер министрлигинде иштөөдөн баштаган. 2016-жылдын январынан тартып министрдин орун басары кызматын аркалаган. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.