Азамат Алымбек уулу: Бардык мелдештерге насыя алып катышабыз

Кыргызстанда пауэрлифтинг боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери наамына татыган үч спортчу болсо, үчөө тең  бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.  Үй-бүлө башчысы  Алымбек Рахимов 49 жашка чейинки ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугунда эки жолу коло байге утуп, эл аралык даражадагы спорт чебери болгон. Анын кенже уулу Акжол Түштүк Африка Республикасында болгон дүйнө чемпиондугунда алтын байге алып, атасынын жолун жолдоду. Ал эми чоң уулу Азамат дагы дүйнө чемпиондугунда нормативди толтуруп, эл аралык даражадагы спорт чебери болуу менен төрт жолу дүйнөлүк рекорд койгон.  Учурда бир тууган Рахимовдор Америкада машыгууларын улантып жатышат.

“Ынтымак” 25 жаштагы Азамат Алымбек уулу менен маектешип, Баткенде тамда машыгып жүрүп,  океандын ары жагына жеткирген жол тууралуу сурады.

– Азыр  Америкада кайсы мелдештерге даярданып жатасыңар?

– Иним Акжол апрель айында АКШнын Техас штатында өтө турган дүйнө чемпионатына даярданып жатат. Мен болсо ноябрь айында Чехиянын Прага шаарында боло турган дүйнө чемпионатына каттуу даярдык көрүп жаткан кезим.

– Эмне үчүн спорттун бул түрүн тандадың?

– Атам 7 жашынан спорт менен машыгып келет. Алгач грек-рим күрөшүндө жүрдү. Студент кезинде СССРдин Ленинград облусунун курамында жүргөн. А поуэрлифтинг  менен атам 2004-жылдан баштап машыгып келет. Мен ал кезде 12 жашта элем. Бир жылдан кийин мен да атам менен машыга баштадым. Спорттун ушул түрүн тандап,  Кыргызстандын желегин дүйнөдө желбиретип, ийгилик жаратуумдун эң негизги себепчиси атам деп айтат элем.

– Канча жашыңан баштап оор салмакты көтөрө баштадың?

– 2006-жылы биринчи жолу Кыргызстандын чоңдор арасындагы чемпионатына катышып, 2-орунду багындыргам. Чемпионаттын эң кичүү катышуучусу болгонмун.  Ошол мелдештен соң,  кызыгуум андан да күчөдү. Дүйнө чемпиону болом деген кыял мага ошол күндөн баштап тынчтык берген жок.

– Жаракат алган учурлар болбойбу, спорттун бул түрүндө коопсуздук эрежелери кандай?

– Поуэрлифтингде  жаракат алуу өтө оңой, оор салмак көтөргөн убакта бир туура эмес кыймыл  баарын чечип коюшу мүмкүн. Шүгүр, ушул убакытка чейин бир да каттуу жаракат алган жокмун.

– Эсте калган мелдештериң?

– Эсте калган мелдештер көп эле болгон. Мисалы, 18 жашымда Кыргызстандын чемпионатында Спорт чебери наамынын нормативин толтургам. Андан кийин 2014- жылы Түштүк Африка мамлекетинде дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болуп, Эл аралык класстагы спорт чебери наамын алгам. Бирок эң  эле эсте калган мелдеш  – бул 2015-жылдагы Финляндиянын Сало шаарында өткөн дүйнө чемпионаты. Ал мелдеште алтын медалга ээ болуп, төрт жолу дүйнөлүк рекорд койдум. Жашоомдогу эң кубанычтуу күнүм болгон. Кичине кезимден тарта дүйнө чемпиону болом деп кыялданчумун. Ошол тилектин арты менен көп машыктым. Акыры  кыялыма жеттим.

– Чет өлкөдөгү мелдештерге катышууда каражат, виза жагынан көйгөй жаралбайбы?

– Кыргызстандын чемпионатынан баштап дүйнө чемпионаттарына чейин каржы жагына келип такалабыз. Анткени ар бир мелдешке өз акчабызга барабыз. Мисалы, 2014-жылы Түштүк Африка мамлекетинде өткөн дүйнө чемпионатына кредит алып кеткен болчубуз, андан кийин Финляндиядагы дүйнөлүк чемпионатка да насыя алып, менин жалгыз барышыма туура келген. Ушул жылы да Америкага баруу үчүн акча таппай, насыя  алууга туура келди.

– Америкага келгенге чейин кайсыл жакта машыгат элең?  Машыктыруучуң өз атаң болгону артыкчылык береби?

– Буга чейин Баткен шаарындагы өзүбүздүн үйдүн короосундагы бир бөлмөлүү тамды зал кылып машыгып келгенбиз. Ошол жайда биз иним экөөбүз дүйнө чемпиону болдук. Бизден башка дагы ал жерде атамдын машыктыруусу астында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиондору, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү, 3 спорт чебери чыккан.

– Биздин машыктыруучубуз – биздин атабыз! Машыктыруучунун ролу өтө чоң, ар бир кыймылынды, ар бир кылган ишинди көзөмөлдөп туруш керек. Андан да психологиялык орду чоң. Ар бир коюлган оор салмакка психологиялык даярдык керек. Атам  каттуу көзөмөлдөйт бизди. Азыр Америкада болсок дагы, күнүгө чалып кабар алып турат. Машыгууларды видеого тартып, жиберип турабыз.

– Жетишкен ийгиликтериңди көрүп, сага окшоп Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиреткиси келген, пауэрлифтинг менен машыгууну каалаган жаштарга эмне кеңеш айтар элең?

– Бир да машыгууну калтырбаш керек. Кокус бир эле күн калтырсаң, ага чейинки машыгууларың, аракетиң артка кетет. Ар бир күн таасирин берет. Ошондуктан машыгууну калтырбай, талыкпай эмгектениш керек. Спорт менен машыгууда заманбап залдын шарттын болушу кажет эмес, болгону адамдын өзүндөгү каалоо жетиштүү.

Маалымат үчүн: Паурэлифтинг бизче которгондо “күч же көтөрүү”  болуп айтылып, күчтү талап кылат.

Азамат Алымбек уулу отуруп  165 килограмм, жатып 125 килограмм салмакты көтөргөн.

2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунда ал полдон тартып көтөрүүдө алгач 222,5 кг салмакты көтөрүп рекорд койгон. Кийин экинчи аракетинде 236 кг, үчүнчү аракетинде 240,5 кг салмакты көтөрүп, өзү койгон рекордду жаңыртып, алтын байгенин ээси болуп, чемпион аталды. Ага таандык 3 көнүгүүнүн жыйынтыгындагы 530.5 кг салмак (165 – 125 – 240.5 ) дүйнөлүк рекорд болуп саналат. Ошентип, мындан эки жыл мурун жаштар арасындагы пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиондугунда штанганы жатып көтөрүүдө кичи күмүш, жана жалпы көнүгүүлөрдөгү эсеп менен төрт дүйнөлүк рекордду коюп, алтын медалга татыган.

Сүрөт, видеолор спортчулардын өздүк архивинен алынды.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.