Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы менен шекер арзандатылган баада берилет

Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майын жана шекерди арзандатылган баада таратат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Орусиядан 392 тонна өсүмдүк майы жана 338 тонна кумшекер алынып келинген.

“Биз 1 миллион литр өсүмдүк майы жана 3 миң тонна кумшекер заказ кылдык. Мунун бир бөлүгү өлкөгө келип түштү. Жакынкы күндөрү же базарларга алып келебиз, же аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арзан баада таратабыз”, – деди Улукбек Марипов.

Марипов бул азык-түлүккө болгон баанын өсүшүн ооздуктоого жардам берет деген ишенимин билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.