Аюу-Сайда дагы эки кыздын сөөгү табылды

Бүгүн, 3-майда саат 17:40 чамасында жер көчкү алдынан эки адамдын сөөгү табылды. Алар – 14 жана 10 жаштагы кыздар деп билдирди ӨКМ. Ошентип, топурак алдында калган 24 кишиден жетөөнүн жансыз денеси чыгарылды.

29-апрелдин таңында Өзгөндүн Аюу-Сай айылында жер көчкү түшүп, 11 үйдү басып калган. Кырсык 24 адамдын өмүрүн алды. Сөөктөрдү издөө иштери төрт күндөн бери уланууда.

2-майда Кыргызстандын Аалымдар кеңеши топурак алдында калгандарды казууну токтотуу боюнча фатва чыгарып, маркумдарга жаназа түшүрүлгөн. Бирок жабыркагандардын өтүнүчү менен ӨКМ издөө иштерин токтото элек.

Аюу-Сайдагы тургундарга коопсуз жайга көчүп кетүү боюнча эскертүү берилгенин бийлик өкүлдөрү айтууда. Жарандык активисттер болсо көчкү баскан жети үйдөн үчөөнө гана көчүп кетүүгө сунуш берилгенин билдирип жатышат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.