Аюу-Сайда бүгүнкү издөө иштери токтотулду

Жер көчкү жүргөн Аюу-Сай айылында  издөө-куткаруу иштери токтотулду. Бул тууралуу  ӨКМдин маалымат катчысы Аваз Айтиев билдирди.

Маалыматка ылайык, казуу иштери саат 19:00дө токтотулган. Ушул саатка чейин жер басып калгандардын үчөөсүнүн  сөөгү табылган. Алардын экөөсү бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, Абдисалам Ризабаевдин он эки жана эки жаштагы кыздары. Үчүнчүсү  20 жаштагы Гүлайым Назирбаева экени аныкталган.

Ал эми издөө-куткаруу иштери сүйлөшүүлөрдөн соң эртең башталат же болбосо көчкү жүргөн жер көрүстөгө айлануусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.