
Жер көчкү жүргөн Аюу-Сай айылында дагы 69 үй кооптуу абалда. Бул тууралуу “Ынтымакка” Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмуханбет Мокошев билдирди.
Анын айтымында, кооптуу жердеги үйлөрдүн жашоочуларына Төрт-Көл айыл өкмөтүнөн жер каралып жатат. Ал боюнча өкмөт тапшырма берип, азып трансформациялоо иштери жүрүүдө.
Ага чейин кооптуу деп табылган үйлөрдүн жашоочулары 30 чатырга убактылуу жайгаштырылды.
Эске салсак, көчкү коркунучундагы жашоочулардын үчөөнө жер менен ссуда каралса, калгандарына мамлекеттен көмөк көрсөтүлө элек.
- 30.04.2017