“Аяз атага” кат сынагы: бой сураган окуучу кыз жеңүүчү деп табылды

Кара-Cуу районундагы орто мектептердин окуучуларынын арасында өткөрүлгөн “Аяз атага кат” сынагында бой сураган окуучу кыз жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу “Кызыл Кайрат” коомдук фондусунун негиздөөчүсү Кубанычбек Кудайкулов  билдирди.

Анын айтымында, жеңүүчү деп табылган Акылай Туташова Алыкул Осмонов атындагы орто мектепте 4-класста окуйт.

“Кызыл Кайрат” коомдук фондусу тарабынан салт катары жыл сайын декабрь айында 3-4-класстын окуучулары арасында “Аяз атага кат” сынагын уюштурат. Өз каалоосу менен катышкан окуучулардан эки жүзгө жакын кат келип түштү. Арасында алты окуучунун катын калыстар тобу өзгөчө деп тапты. Бой сураган окуучу кыз жеңүүчү деп табылып, китептер топтому белекке берилди. Ал эми Төрөбай Шамырбек уулу атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу атактуу адам болгусу келгендигин айтып кат жазган”, — деди Кудайкулов.

Ал кошумчалагандай, өзгөчө каттардын арасында Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин окуучусу Бүбүхаба Кадырбаеванын да каты бар. Ал атасы каза болгондугун айтып, атасынын ордун жоктотпой Аяз атанын апасына белек берүүсүн өтүнгөн.

“Өз туулган жеринин сулуулугун көктөн көргүсү келгендигин айтып кат жазган окуучу Нурсултан Акжоловду “өз өлкөсүнүн жаш патриоту” деп атап, символикалуу түрдө учактын макетин белекке бердик”, — деди Кудайкулов.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө Аяз атадан баалуу белектер жана мактоо баракчалары тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.