Австриялык бизнесмендер Кыргызстанда туризмди жана кышкы спортту өнүктүрүүгө кызыкдар

Австриялык бизнес Кыргыз өлкөсүндө туризмди жана кышкы спортту өнүктүрүүгө кызыкдар. 2022 -жылдын февраль айында Австриянын делегациясы сүйлөшүүлөр үчүн иш сапары менен өлкөгө келет. Бул тууралуу 10 -августта, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов менен Австриянын элчиси Вилли Кемпелдин жолугушуусунан кийин белгилүү болгонун инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирилгендей, тараптар Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жана коргоо маселелерин талкуулашты. Министр инвестициялык саясаттын негизги багыттарын жарыялады жана жашыл экономика, кичи ГЭСтердин курулушу, туризм сыяктуу тармактарга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Элчи кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагына инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.