Авиакырсык: Түркия төлөгөн компенсацияга депутаттар макул эмес

Боинг-747 учагы келтирген чыгымды түркиялык компания толук төлөгөн жок.  Өкмөттүн эсебине болгону 600 миӊ АКШ доллары түштү. Ал каражат учак кырсыгы келтирген чыгымдарды жаппайт, – дешет айрым эл өкүлдөрү.

Депутаттар буга өкмөттүн курамынан түзүлгөн комиссияны күнөлөшүүдө. Өкмөт Түркиялык компания менен сүйлөшүп, дагы 5 миллион доллар алышы керек, – дешет алар.

Дача-СУ айылындагы 260 үй-бүлөнү көчүрү керек. Мындай талапты айылдыктар “Ата-Мекен” фракциясынын жыйынында айтышты.Тургундар жаз алды менен ишти баштап, турак-жай маселесин чечсек дешет.

Бирок аларды көчүрүү боюнча бийлик чеччкиндүү жооп бере элек. Буга чейин  Боинг-747 учагынын ээси АСТ компаниясы компенсация төлөп, анын негизинде тургундар башка жакка көчүрүлөт делип жаткан.

“Учурда түркиялык компания болгону 600 миң АКШ долларды кыргызстанга которуптур. Бөлүнгөн акча жабыркагандардын көйгөйүн чечкенге жетпейт. Ошондуктан өкмөт Түркиялык компания менен сүйлөшүп, дагы 5миллион доллар алышы керек. Ага көп кабатуу батир салынып,  Дача-Сулуктарды талабы аткарылат. Ал эми элден чогулган 100 милиондон ашык акча ар бир үй-бүлөгө көмөк катары бөлүнүшү талап”, – дейт ЖК депутаты Алмамбет Шыкмамтов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.