Атамбаевге адам өлүмүнө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды

7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон фактылар боюнча иликтенип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан мурунку президент Алмазбек Атамбаевге “Альфанын”  командиринин орун басарын  Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маалымдама анын жактоочусу Сергей Слесаревдун катышуусунда тапшырылды.

Кечээ айрым маалыматтык агенттиктерге Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге “Альфа” атайын багыттагы командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшү боюнча расмий түрдө айып тагылган эместигин билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.