Атамбаев 2010-жылга чейинки кирешеcи тууралуу баш прокурорго маалымат берди

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-апрелде баш прокурор Инидия Жолдубаеваны кабыл алып, 2010-жылга чейинки өз кирешелери тууралуу документтерди көрсөттү.

2003-жылы январда Алмазбек Атамбаев Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге 45 млрд түрк лирасына, же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлгөн документтерди башкы прокурорго берди.

“Ал келишим тууралуу маалымат Түркиянын  тийиштүү маалымат  бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланган. Ошентип, бул материалдар Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчалары 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген Өмүрбек Текебаевдин сөздөрү жалаа экенин ырастайт”, – деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан.

Президент болсо өз киреше булактарын Атамбаев гана далилдеш керекпи деп суроо салды:

“Өмүрбек Текебаев, ошондой эле анын бир катар партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү  дагы өздөрүндө жана өздөрүнүн жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралуу маалыматтарды берүүгө тийиш.  Муну Президент менен жолугушууларда 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында курман болгондордун ата-энелери менен балдары, ошол кезде оор жаракат алган жарандар талап кылып жатышат. Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат!” – деди өлкө башчысы.

Ал  Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз баюу тууралуу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш деп белгиледи.

Эске салсак, башкы атамекенчи Өмүрбек Текебаев буга чейин Алмазбек Атамбаевдин байлыгынын басымдуусу 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин топтолгонун айтып, муну иликтеп жатканын билдирген эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.