“Ата-Мекен” фракциясы Өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди санады

Жогорку Кеӊештин “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши боюнча Премьер-министрдин отчету угулду.

Өкмөттүн жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасаган вице-премьер министр Олег Панкратов 2016-жылы Өкмөттүн кабыл алган программасы 90 пайызга аткарылагынын, экономикалык өсүш 3,8 пайызды түзгөнүн белгиледи. Ошондой эле, отчетто ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40 пайыз өлчөмүндө инвестиция тартылганы, экспорттун көлөмү 5,1 пайызга көбөйгөнү, бирок былтыр Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4 пайызга төмөндөгөнү айтылды.

Ал эми фракция мүчөлөрү Өкмөттү социалдык-экономикалык тармактарга өзгөчө көӊүл бурууга чакырып, жол куруу тармагындагы көйгөйлөргө басым жасашты. Алсак, депутат Каныбек Иманалиев Бишкек – Кара-Балта жолун тез арада бүткөрүү зарылчылыгына токтолду.

Депутат Садык Шер-Нияз жылдан жылга маданият тармагына бөлүнгөн каражаттардын көлөмү азайып баратканы айтып, быйыл бул маселеге өтө тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Жыйынтыгында Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүгүндө кемчиликтер арбын экендиги белгиленип, анын ишине “канаттандырарлык эмес”, – деген баа берилди.

Эске салсак, мыйзамга ылайык, Премьер-министр Cооронбай Жээнбеков жетектеген Өкмөттүн ар жылдык отчету адегенде парламенттик фракциялар менен тармактык комитеттерде талкууланып, андан кийин парламенттин кароосуна чыгарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.