
Жарандар Билим берүү министрине болгон суроолорун атайын министрликтин сайтына жайгаштыра алышат. Бул тууралуу республикалык штабтан билдирди.
Анда маалымдалгандай, өлкө жарандарынын арыз-кайрылууларын онлайн режимде kat.edu.gov.kg порталына калтырса болот.
Бардык кайрылуулар автоматтык түрдө тийиштүү бөлүмдөргө түшөт.
Учурдагы кырдаалдан улам, мектеп окуучулары IV чейректи аралыктан окушат. Аралыктан окуу 8-апрелде башталып, ага ылайык, окуучулар өлкөдөгү телеканалдар аркылуу билим алышат.
- 03.04.2020