«Ассанабил» кайрымдуулук фонду ооруканаларга 7 тез жардам унаасын өткөрүп берди

Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фонду өлкөнүн медициналык мекемелерине жети тез жардам автоунаасын өткөрүп берди. Автоунаалардын экиси өпкөнү жасалма дем алдыруучу портативдүү аппараттар, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдылып, реанимобиль стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө. 

Унааларды тапшыруу аземине Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми катышты.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова фонддун өкүлдөрүнө жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө өз салымын кошуп жаткан жалпы коомчулукка ыраазычылыгын билдирди.

«КРнын Өкмөтүнүн атынан Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна көрсөтүп жаткан гуманитардык көмөгү, анын ичинде медициналык мекемелерге берилип жаткан жети тез жардам автоунаасы үчүн ыраазычылык билдирем. Заманбап жана акыркы медициналык технологиялар менен жабдылган жети тез жардам унаалары заводдон атайы буюртма менен сатылып алынган. Белгилеп кетүүчү жагдай, фонд тарабынан өлкөгө биринчи ирет көмөк көрсөтүлүп жаткан жок. Фонд аркылуу бир нече ийгиликтүү ишке ашырылган социалдык долбоорлор бар, анын катарында саламаттык сактоо тармагында да ишке ашкан долбоорлор бар.  Бул тез жардам унаалары эпидемия учурунда өзгөчө зарыл болуп саналат», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фонду NAMA уюму менен биргеликте COVID-19 илдетине каршы күрөшүү алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Карантин убагында муктаж болгон үй-бүлөлөргө 350 тоннадан ашуун азык-түлүк таркатылды жана билим берүү тармагында аралыктан окутуу процессине колдоо көрсөтүү максатында 200 даана ноутбук 52 орто мектепке тапшырылган. Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагына өпкөнү жасалма дем алдыруучу 4 аппарат, 10 миң  медициналык беткап, 2 миң респиратордук беткап жана 100 миң кол кап берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.