Аскер кызматкерлеринин кылмыш жасоосунун себептери жана алардын жоопкерчилиги

Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын структуралык бөлүкчөсү болуп аталган гарнизондун аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөр жана аскердик кызмат каралган мекемелерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган болуп саналып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин Х бөлүмүнүн 49-51 главаларында Аскердик кылмыштарды үч категорияга бөлүшкөн. Тактап айтсак, 49-главада Чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары, 50-главада «Баш ийүү жана аскердик ар–намысты сактоо тартибине каршы кылмыштар» жана 51-главада «Аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонунун тартибине каршы кылмыштар» каралган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жоруктар жөнүндө кодексинин» да Х бөлүмүнүн 33-34-бөлүмдөрүндө «Аскерге чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн жоруктары» жана 34-главада «Аскер кызматчыларынын жоруктары» каралган.

Аскер кызматкерлери тарабынан кылмыш жана жоруктардын жасалыш себептерине токтолсок алар эки таасирден келип чыгат деп бөлсөк болот, биринчи аскердик мекемелердеги уюштуруучулук, башкаруу системасы жана социалдык жагдайдын таасири болуп саналат.

Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемендүүлүккө жетишкен жылдарда аскердик бөлүктөрдө жана аскердик кызмат каралган мекемелерде айлык маяна, материалдык-техникалык базанын начардыгы, офицердик курамдын кесиптик квалификациясынын начардыгы, алардын жетиштүү деёгээлде турак жай маселесинин чечилбей келгендиги аскер кызматкерлеринин арасында бир топ мыйзам бузууларга алып келгендигин көргөзөт.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндөгү акыркы жүргүзүлүп жаткан аскердик реформалар оң натыйжасын берип, аскер кызматкерлеринин арасында кылмыштуулуктун жана жоруктардын санын азайтууга чоң өбөлгө түзүүдө. Анын себебин айтканда куралдуу күчтөрдүн уюштуруучулук башкаруу функциясынын негизги өзөгүн түзгөн офицердик курамдын дээрлик 95% атайын жогорку аскердик билимдүү кадрдык офицерлерден туруп, алар тарабынын өздүк курам

менен иштөөнүн аскердик Уставдар менен алынып барылуусу, жаныдан бүтүп келген жаш курамдагы офицерлердин моралдык психологиялык денгээлинин жогору болуусу, мөөнөттүү жана үстөк мөөнөттүү аскер кызматкерлерин тарбиялап, аларды аскердик тартипке моралдык психологиялык жактан жакшы үйрөтүүсү туура таасир берип келет.

Социалдык таасир болуп аскер кызматкерлеринин айлык маяналарынын жылдан жылга жогорулашы, алардын кийим кечек, тамак аш, турак жайлар менен камсыздалышы, аскердик мекемелердин материалдык техникалык базаларынын чындалышы кылмыштуулуктун жана башка мыйзам бузуунун санын кыскартууга өбөлгө түзгөн бирден- бир шарт болууда. Анткени жакынкы эле жылдары аскер кызматкерлери тийиштүү шартта кызмат өтөбөй тамак- аш кийим кечек жана турак үйлөр менен камсыздалбай, жада калсая. айлык маяналарын өз убагында алышпай келишкени айдан ачык болгон.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан максаттуу аракеттерге карабастан, аскер кызматкерлеринин арасында бир топ кылмыш жана жоруктары жасалып келет. Буга мисал 14.09.2019-ж. Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын үстөк мөөнөттүү аскер кызматкери прапорщик У.Т. аскердик кызматтан таптакыр четтөө максатында өз кызмат ордун жүйөлүү себепсиз таштап кетип калган окуясына байланыштуу, Ош шаардык сотунун 02.03.2020-ж. өкүмү менен Кыргыз Республикасынын ЖКнин 368-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты (дезертирдик) жасагандыгы боюнча күнөөлүү деп табылып 3 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылып сот залынан камакка алынган.

Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы жабык орган болбостон ачык- айкындык принциптерине таянып иш алып барабыз. Ошол себептен жарандарга айтып кайрылып кете турган меселе, эгерде, аскер кызматкерлери тарабынан кандайдыр-бир укук бузуулар жасалгандыгы же жасалууга даярдалып жаткандыгы белгилүү болсо бул тууралуу биздин мекеменин (03222) 4-26-23 телефонуна, 4-25-74 факсына жана vpog_osh@mail.ru электрондук дарегине билдирүүлөрдү берүүңүздөрдү сурайбыз.

Ташбай уулу, Ош гарнизонунун аскер прокурорунун жардамчысы, юстициянын улук лейтенанты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.