Ашхабад бийлиги жолбун ит-мышыктарды жок кылуу ишине балдарды да тартууда

Ашхабад шаарынын бийлиги жолбун иттер менен мышыктарды жапырт жок кылуу иштерин күчөттү. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары билдиргендей, бийлик бул ишке эми балдарды да тарта баштады.

“Балдар 5 манат үчүн ит-мышыктарды жапырт өлтүрүү жараянына катышууда. Алар колуна кап, союл кармап жүрүшөт”, – деди атын атагысы келбеген ашхабаддык тургун.

Көчөлөрдө кармалган жолбун ит-мышыктарды Ашхабаддын четиндеги атайын ангарга алып барып таштап жатышат. Ал жерде байланган жандыктар ачкалыктан өлүп калууда. Ит-мышыктарды жок кылуу Элдик Кеңештин кезексиз сессиясына даярдык көрүлүп жаткан маалга туш келди.

Маселени соцтармактар аркылуу козгогон жаныбарлардын укугун коргоочуларга бийлик кысым көрсөтүп жатканы айтылууда. Полиция кызматкерлери алардын үйлөрүнө жана кеңселерине барып, “кесепеттери жөнүндө” эскертүү жасашкан.

Бул арада өлкө өкмөтү түркмөн алабайын улуттук символдордун бири катары атап, бирок жаныбарлардын жапырт өлтүрүлүшү боюнча түшүндүрмө бербей келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.