
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында 25-сентябрда спорттук күрөш боюнча 8 комплект медалдар ойнотулат.
Медалдар үчүн эркин күрөш боюнча эркектер жана аялдар ат салышат.
25-сентябрда килемге кыргызстандык 5 спортчу чыгат. Алардын катарында быйылкы жылкы дүйнөлүк чемпионаттын байгес ээси Айсулуу Тыныбекова жана 2016- жылдагы дүйнө чемпионатында ийгилик жараткан Эламан Догдурбек уулу да бар.
Күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 12де башталат.
Жуптардын курамы
61 кг. чейин
1/8 финал
Алибек Осмонов — Ахмад Шахир Омари (Ооганстан)
70 кг. чейин
1/4 финал
Эламан Догдурбек уулу — Ихтиер Наврузов (Өзбекстан)
86 кг. чеийн
1/16 финал
Бактияр Карагул уулу — Абдул Хая Факири (Ооганстан)
58 кг.чейин
1/4 финал
Айсулуу Тыныбекова — Акие Ханаи (Япония)
75 кг. чейин
1/8 финал
Пужа (Индия) — Айпери Медет кызы
Булак: Спорт-Акипресс
- 25.09.2017