
Дзюдочу Артур Те 66 килограммга чейинки салмактагы балбандар арасында күч сынашып, коло медаль утту. Ал турнирде жалпы 4 беттеш өткөрүп, бир жолу утулса, үчөөсүндө жеңишке жетти.
Артур Те 3-орун үчүн болгон кармашта өзбекстандык спортчу Шахрам Ахадов менен кез келип, аны 2:1 эсебинде утуп алган. Ошентип, ал Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарынан дзюдо боюнча алгачкы жолу медаль уткан спортчу болуп калды.
Кыргызстандык спортчулар 1994-жылдан бери Азия оюндарына катышып, спорттун 11 түрүнөн 64 медаль уткан. Бирок дзюдочулар а байгелүү орунга жетишкен эмес.
Азыр Кыргызстандын капчыгында 18 медаль болду, -2 алтын, 6 күмүш, 10 коло. Бул көрсөткүч менен өлкө жалпы эсепте 21-орунда келе жатат. Ал эми эң мыкты үчилтикте Кытай, Япония, Түштүк Корея бар.
- 30.08.2018