Араванда селден жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлдү

Араван районунун Кичи-Алай айылында селден жабыркаган төрт үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү. Кайрымдуулук иш чарасы Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулду. Ошондой эле 4 баласы менен жалгыз бой жашаган Гулмира Топчубаеванын балдарына кийим-кечек алып беришти.

Облус казысы Самидин кары Атабаев тургундарга келген сыноого сабырдуу болууга чакырып, мындан ары да жардам берүү иштери улантыларын белгиледи.

Тургундар менен жолугушууга Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Аскарбек Акматов да катышып, селден жабыркагандарга жер тилкеси бөлүнүп берилгенин айтты. Жабыркагандар райондун Кең-Сай массивине жаңы турак жай салса болорун кошумчалады.

Эске салсак, июль айынын башында Кичи-Алай айылында катуу сел жүрүп, үч турак жай авариялык абалга келген. Эки үйдүн жер төлөөсүнө, дагы алты турак жайдын короолоруна сел кирип кеткен. Ошондой эле эгиндер, жыйылып турган чөптөрдү агызып кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.