
Ош облусунун Араван районунда жазгы талаа иштери кызуу уланып жатат. Эки айдан кийин жаңы бышкан картошкалар сатыкка чыга баштайт.
Аталган райондо эгин эгүү иштери мындан он күн мурда башталган. Дыйкандардын айтымында, картошкалар 70 күндүн ичинде бышып калат.
“Азыркы учурда бак-дарактарды бутап, картошка, капуста эгип жатабыз. Бир жылда эки жолу түшүм алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар”, – деди Араван районунун тургуну Санатбек Абдыллаев
Белгилей кетсек, жылуу аймакта өндүрүлгөн жашылчалар Кытай, Казакстан жана Орусия мамлекеттерине экспорттолот.
- 11.02.2020