Араван районунда ишкерди коркутуп акча талап кылган жаран кармалды

Кечээ, 18-март күнү, Араван районунун А.Анаров айылынын автобекетинде ишкерлерди опузалап, акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-март күнү Араван районунун тургуну жеке ишкер 1965-жылы туулган жаран Араван райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, бир күн башта бейтааныш адамдар акча талап кылганын айткан. Аны менен катар алар өздөрүн крим чөйрөнүн идеологиясын кармана тургандыгын, мурда соттолгондугун айтып коркутуп, түрмөгө жыйырма миң сом акча бересиң деп бир нече жолу уруп, денесине жарат келтиргендигин көрсөткөн.

“Арыздын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү жабырлануучудан 5000 (беш миң) сом алып жаткан учурда колго түшүрүлдү. Кылмышка шектүү 1984-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталды”,-деди Аширбаев.

Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, Кылмыш жаза Кодексинин 203-беренесинин 1-б  көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталды жана тергөө амалдары жүргүзүлө баштады.

Мындан улам, милиция кылмышка шектүүдөн ушундай жагдайда опузалап коркутууларга дуушар болгон жарандарды жана жеке ишкерлерди жакынкы Ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылууну өтүнөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.