Аныктамаларды алуу электрондук форматка өтөт

Өлкөнүн “Таза коом” программасынын алкагында электрондук өкмөт түзүлүп, “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашат. Анда мамлекеттик органдардан алуучу аныктамалардын 20 түрү электрондук негизде берилип, октябрь айында жыйынтык чыгарылат.

Бул “Кыргызстан келечек ресурстары” форумунда айтылып, каражат табууга бизнес өкүлдөрү тартылары белгилүү болду. Долбоор ишке ашса, коррупция ооздукталып, жол кырсыгы азаят деп өкмөт өкүлдөрү убадалайт.

Электрондук өкмөттү ишке ашыруу үчүн болжол менен 200 милион АКШ доллары керектелиши мүмкүн. Буга жаңы заманбап жабдыктар сатылып алынып, 50миңге жакын IT адистерин окутуп даярдоо зарыл.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.