“Аманбанкка” алдангандар менен банк жетекчилиги жолукту

Өзгөн районунун Куршаб айылындагы  “Аманбанктан” акчасын ала албай жүргөндөр менен банктын райондогу жетекчилиги жолукту.

Учурда  36 адам беш айдан бери  аталган банктан,  салган акчаларын кайтарып ала албай келишет.

Кардарлардын бири Минара Мирзаева бир миллион сомдон ашык акчасын 14%  келишим менен  депозитке ушул банкка ишенип салган.

“Учурда банк адистери  мага кайрадан өз үйүмдү күрөөгө коюп кайра кредит ал деп жатат.  Бул кандай болсун мага акчаларымды кайтарып беришсин. Анын үстүнө менин үйүм да мүлкүм да жок, ишенгеним  топтогон акчам эле”,- деп белгилейт.

Буга чейин тургундар Бишкек шаарындагы “Аманбанктын” кеңсесине чейин барышкан. Бирок натыйжа чыккан эмес.

 “Бардык аткаруучулук укук  мөөр, жана иш кагаздар жалгыз гана банк филиалынын жетекчисинде гана болот. Ал эми 2014-жылы бул жарандардын аманат сактоочу кассасынын мөөнөтү  бүткөн. Шарт боюнча бул кардарлар узартуу керек. Же акчаларын толугу менен алуусу керек эле. Бирок бул шартты аткарышкан эмес”,-дейт аталган банктын Куршаб филиалынын юристи  Алмаз Кубатов.

Банктын филиалында илинген тактайчалар мөөнөтү 2014-жылы бүтсө да алынбай келген. Акчасын ала албай жүргөн 36 адамдын митингинен кийин гана алмаштырылган.

Ал эми “Аманбанкынын” Куршаб айылдык филиалынын жетекчиси Жеңишбек Абдыкадыровго  Ош облустук экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү  кызматы тарабынан тергөө иши башталган.

Эскерте кетсек, Өзгөн районунун Куршаб айылында тургундар буга чейин да банкка сакталган акчаларына күйүп кеткендигине байланыштуу декабрь айынын башында митинге чыгышкан. Алар жалпы 16, 5 миллион сом акча каражаттарын “Аманбанкынан” ала албай жүрүшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.