Алты күндүн ичинде Украинадан 835тен ашык киши чыгып кетти

Орусия согуштук аракеттерди баштагандан бери Украинанын аймагынан 835тен ашык адам чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын расмий өкүлү Шабия Манту билдирди.

Украиналык качкындарды негизинен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер жана Молдова кабыл алып жатат.

Мунун алдында Польшанын президенти Анжей Дуда алардын өлкөсүнө 500 миңдей киши качып өткөнүн маалымдаган.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597си жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.