Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Алмазбек Бейшеналиев буга чейин Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.