
Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү болуп дайындалды.
Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, тийиштүү жардыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылы 2-июнь күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. 1998-жылы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетине англис тили жана адабияты адистигине тапшырган, 2007-жылы Людвигсбургдагы PH-Ludwigsburg педагогикалык университетин (дидактика жана англис тили) аяктаган. Педагогика илимдеринин кандидаты. Тарых илимдеринин доктору.
- 02.06.2021