Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наам берилди

Президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевге  “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы  жана “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси менен сыйлады.  Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Маалыматта бул эң жогорку даражадагы сыйлыктар мурдагы президентке  “элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн” берилди.

24-ноябрда өткөн инаугурация учурунда  Сооронбай Жээнбеков эң алгачкы жарлыгы Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин берүүгө байланыштуу болорун айткан.

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги , Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык эрдик жасагандыгы үчүн ыйгарылат.

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.