Алмазбек Атамбаев колонияга которулду

Кыргызстандын 11 жылга соттолгон мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 27-октябрда №47 абакка жөнөтүлдү.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кеткенине байланыштуу соттолгон Атамбаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген. Ал Азиз Батукаев, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана Кой-Таш боюнча сот отурумдарынын ачык мүнөздө өтүшүн талап кылууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Бишкектин №1 тергөө абагынан №47 колонияга котормой болушту. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы (ЖАМК) атайын комиссиянын 27-октябрдагы отурумунда ушундай чечим кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери УКМКнын тергөө абагында болуп келсе, бир күн мурда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Соттолгондор адатта аталган №1 тергөө абагынан башка колонияларга бөлүштүрүлөт.

Адвокат Замир Жоошев Атамбаевдин ден соолугу жайында эмес экенин билдирди:

«УКМК Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, үй камагына которуу боюнча соттун чечимин аткарбай койду. Биз анын ден соолугу начарлап кеткенин, медициналык жардамга муктаж экенин эске алып, Атамбаевди №47 колонияга которуп берүү жөнүндө өтүнүч киргизгенге аргасыз болгонбуз. Анткени ушул жылдын 2-сентябрь күнү «Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которобуз» деп айтышкан. Бирок ошол эле күнү сот отуруму болуп, анда прокурорлор Атамбаевди которбой турууну суранышкан. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган. 6-октябрь күнү сот Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча токтом чыгарган. Бирок УКМК «бизде Батукаеевдин иши боюнча соттун өкүмү бар, ошону аткарышыбыз керек» деген шылтоону тапкан. Бирок Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан башка адамдар үй камагына чыгып кетишти. Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан. Эми ал «сотторго катышам» деп жатат. Мыйзам буга жол берет. Бирок аны №47 колониядан соттук отурумдарга алып келе алышпайт. Ошондуктан соттук териштирүү бүтмөйүнчө аны үй камагына чыгарыш керек».

Буга чейин Атамбаев №1 тергөө абагындагы шарты жок камерага отургузулганына байланыштуу ачкачылык акциясын баштаганы белгилүү болгон.

Адвокат Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушканын белгилеп, буга байланыштуу Атамбаев ачкачылык акциясын баштап, учурда анын абалы начарлап, кан басымы төмөндөп жатканын айтып чыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.