Алмазбек Атамбаев: балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу

Көп жылдан бери кыргызстандыктар жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. Баарыбыз үчүн шаттуу күндөрдүн бири болуп калган бул күн салттуу үй-бүлөлүк майрамга айланып,  ата-энелер балдарына арнашат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата куттуктоосунда билдирди.

“Мен быйыл бул күн Балдарды коргоонун эл аралык күнү экенине өзгөчө көӊүл бургум келет. Биздин балдар коргоого муктаж экенин эске салгым келет. Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, дегеле жаш муундун келечегине улуулар жоопкер экенине коомчулуктун көӊүлүн бургум келет”.

Кымбаттуу ата-энелер! Сиздер – балдардын эң жакын, эң сүйүктүү адамысыздар. Ар бир баланы Кудай шык-жөндөмү, таланты менен жаратат. Аны ойготуу, өстүрүү – сиздердин колуӊуздарда.

“Элибизде “Балам – бактым, балам – базарым” деген сөз бар. Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубаныч, сүйүү, жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз инсан болуп жетилишет. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу”, – деди мамлекет башчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.