Алматыда январь окуясы боюнча кармалган 11 киши тергөө изоляторунан бошотулду

Алматыда январь окуясы боюнча кармалган 11 кишинин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тергөө изоляторунан бошотулду. “Жапырт бейбаштык” беренеси боюнча шектелген 11 адамдын иши боюнча тергөө уланат. Бул тууралуу коомдук комиссия кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 11 кишинин ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Алардан төртөө ооруканада жатат. Тергөө изоляторунан тартылган видеодо айрым кишилер алган жаракатынан улам өз алдынча баса албай жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин Башкы прокуратура укук коргоо органдары кармоо жана тергөө учурунда мыйзамсыз аракеттерге (кыйноо, ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануу жана башка) барганын мойнуна алган. Расмий маалымат боюнча жарандардан 109 арыз түшкөн. 11 даттануу боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Расмий маалыматка караганда, январь окуясы боюнча жалпысынан 2044 кылмыш иши козгогон, 900гө чукул шектүү кармалган, алардын 800дөйү соттун санкциясы менен камалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.