Алматыда митинг өтүшү мүмкүн экендиги айтылган. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бүгүн, 19-январда Алматыда митинг өтүшү мүмкүн деген билдирүүлөргө байланыштуу шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы түштө калаа акимчилиги убактылуу жайгашкан Алмалы акимчилигинин маңдайында полиция жана тез жардам унааларынын турганын көрдү.

Полициячылар ары-бери өткөндөрдү токтотуп, документтерин текшерүүдө.

Шаар комендатурасы өзгөчө абал режими алынганы менен Алматыда террордук коркунучтун “кызыл” деңгээли сакталып турганын кабарлаган. Акимчиликтен алыс эмес жерде бир нече автобус токтоп турат, алардын ичинде атайын бөлүктүн кызматкерлери отурат.

Буга чейин чет өлкөдө жашаган бозгундагы банкир Мухтар Аблязов тарапташтарын 19-январда митингге чыгууга чакырган.

Казак бийлиги январь окуяларынан кеминде 227 киши, анын ичинде 19 күч кызматкери өлгөнүн билдирүүдө. Өлгөндөрдүн бир бөлүгү “теракттарга катышкан куралдуу бандиттер” катары сыпатталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.