Алмалыктагы ФАПтын имараты начар. Дарыгерлер калкты үйлөрүндө карашат

Алмалык айылындагы ФАПтын имараты начар абалда. Имаратта олтуруп иштөөгө мүмкүн эмес. Мындан улам үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистер калкты үйлөрүнө барып кароого аргасыз болуп жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аймактын үй-бүлөлүк акушери Адалат Кудайарова билдирди.

“Имаратыбызда адамдарды кабыл алууга мүмкүн болбой калды. Ичи ным тартып, иштеген адамга деле зыянын тийгизет. Тургундарды болсо үйлөрүнө кыдырып карап чыгабыз. Дары-дармек сактоого да мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан бирөө ооруп калса дароо шаарга жиберүүгө аргасыз болуп жатабыз”,-деди Кудайарова.

ФАПта эки кызматкер иштейт. Алар телефон байланышы аркылуу сыркоологон адамдардын абалынан кабар алып турушат.

“Шарт болсо дары-дармектерди алып келип сактаса болот. Жаан жаагандан бери ичине кирүүгө болбой калды. Анткени сел кирүүчү эшигинен бери тосуп калды. Буга чейин имаратты оңдоо боюнча жергиликтүү бийликке кайрылышкан экен. Бирок абал дагы деле ошол боюнча”,-деп белгиледи дагы бир кызматкери Динара Садиржан кызы.

Алмалыкта жалпы 126 кожолук жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.