Алмалыктагы ФАПта калкты тейлөөгө шарт жок. Дарыгерлер үйлөрдү кыдырышат

Алмалык айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты начар. Ага жаз келери менен тынымсыз жааган жаан да кошумча болуп, ФАПта калкты тейлөөгө  болбочудай абалга алып келди. Мындан улам ак халатчандар элди үйлөрүнө барып текшерүүгө аргасыз болууда. Ал эми Ош шаардык саламаттыкты сактоо координаторлорунун адистери болсо имаратты оңдоп же жаңысын салууга укуктары жок экендигин айтышат. Анткени, айылдын жери Ноокат районуна, ал эми калкы Ош шаарына карайт. Мындай башаламандыктан улам ортодо жашоочулар эле жабыркап кала берүүдө.

Апрель айындагы жаан ФАПтын дубалдарын биротоло көчүрүп кеткен. Бул бир жактан борбордо эмгектенген дарыгерлерге да кооптуулук жаратса, экинчиден калкты кабыл алууга да шарт жок болуп жатат. Мындан улам үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки адиси 120дан ашуун түтүндү үйлөрүнө барып тейлөөгө аргасыз болуп жатышат.

“Имаратыбызда адамдарды кабыл алууга мүмкүн болбой калды. Ичи ным тартып, иштеген адамга деле зыянын тийгизет. Тургундарды болсо үйлөрүнө кыдырып карап чыгабыз. Дары-дармек сактоого да мүмкүнчүлүк болбой, бирөө ооруп калса дароо шаарга жиберүүгө аргасыз болуп жатабыз”,-дейт Алмалык айылынын үй-бүлөлүк акушери Адалат Кудайарова.

Шартын жоктугунан дары-дармек сактоого да мүмкүнчүлүк жок. Бул күтүүсүздөн ооруп калган бейтапка жардам берүүдө көйгөй жаратат.

“Мүмкүнчүлүк болсо дары-дармектерди алып келип сактаса болот. Бирок бизде андай камылга жок. Муну билген тургундар да өз алдынча дары-дармектерди алып келип, сактап алышат”,-деп кошумчалады борбордун дагы бир кызматкери Динара Садырали кызы.

Апрель айынын ортосунда жааган жаан-чачын тургундардын каттоодо турган кагаздарын жараксыз кылды. Кош бойлуу энелердин жана балдардын медициналык китепчелери да колдонуудан чыккан.

Имарат чейрек кылым мурда шахтыда эмгектенгендердин убактылуу дарылоо бөлүмү катары ачылган. Чатыры ошол кездеги ыкма боюнча жабылып, азыр жаанга туруштук бербей калды. Алмалык менен Ош шаарынын аралыгы алыс болгондуктан, жергиликтүү тургундардын суранычы менен эски имаратка балдар жана аялдардын ден соолугун көзөмөлдөөгө уруксат берилген.

Дарыгерлер кошумчалашкандай, имаратты оңдоо боюнча жергиликтүү бийликке кайрылышкан. Бирок жооп болгон эмес.

Ош шаардык саламаттыкты сактоо координаторунун уюштуруу иштери боюнча орун басары Ырысбек Алдашукуровдун айтымында, ФАПты ондоого аларга укук берилген эмес. Анткени жер Ноокатка карагандыктан шаардык бийлик ондоп түзөй албайт.

Алмалыктын жери Ноокат районуна эли Ош шаарына карагандыктан, мындагы социалдык обьектерди оңдоп-түзөө көйгөйлүү маселе болуп келет. Ош шаардык мэриясы калкка көмөк көрсөтүү үчүн өкмөттөн бир нече ирет Алмалыктын жерин шаарга өткөрүп берүүнү суранып келишет. Эгерде өкмөттөн жооп келсе жергиликтүү тургундарга шарттар түзүлүп берилмек дешет. Ушул кезге чейин аталган имараттын кооптуу абалына азырынча эч бир кызмат текшерүү жүргүзүшө элек.

Эске салсак, Алмалыкта жалпы 126 кожолук жашайт. Айылдын ФАПтан сыркары да таза суу жана мектебинде да көйгөйлөр бар. Айылдыктар 20 жылдан бери таза сууну Ош шаары менен Ноокаттан ташып ичишет. Ал эми кооптуу делген мектепте бүгүнкү күндө 170ке жакын окуучу билим алып жатат. ӨКМ мектепке 2015-жылы кооптуу абалда экендиги боюнча эскертүү берген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.