Алкоголдук ичимдиктерди көмүскөдө өндүргөндөр көбөйдү

Жогорку Кеӊештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу маселелери талкууланды.

Бул багыттагы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөгөн атайын бирдиктүү мамлекеттик тутумду түзүү чарасы сунушталууда.

Демилгечилердин бири депутат Гүлшат Асылбаеванын айтымында, бирдиктүү тутум аткезчиликке бөгөт коюп, бюджеттик кирешелердин көбөйүшүн шарттайт. “Себеби, азыр көмүскө алкоголдук продуктарды өндүргөндөрдүн саны өтө арбын”, – деди ал.

Комитет мүчөлөрү аталган демилге тармактагы мыйзам бузууларды жоюуга жана көмүскө экономиканы азайтууга көмөкчү болорун белгилешип, мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты. Алар каражат маселесин инвестиция тартуу жолу менен чечип, мында Грузиянын тажрыйбасынан пайдалануу керектигин кошумчалашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.