
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылы,нда өрт кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Тилсиз жоо Октябрь көчөсүндөгү №45/2 турак жайдан чыккан. Жыгач устундуу пластик жабылган жалпы аянты 100 чарчы метр кампанын, гараждын чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1985-жылы туулган аял киши жана 2017- 2009-жылы туулган эки жаш бала каза болгон.
Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
- 13.02.2019