
Алай районунан 12 жылкы уурдаган киши кармалды. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
“Кылмышка шектелип райондун 25 жаштагы тургуну кармалды. Ал кылмыш боюнча жооп берүүдө. Ошондой эле облус аймагында уурулук боюнча дагы Чоң-Алай, Араван, Ноокат райондорунун тургундары арызданышты. Бул иштер боюнча да шектүүлөр кармалышты”,-деп белгилешти ИИМден.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы мезгилде тергөө иштери жүрүп жатат.
- 02.05.2017