Алайда жоокер октон каза болду

12-апрелде райондун Гүлчө айылындагы № 92843 аскердик бөлүгүндө жоокер октон жараат алган. Бул КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты.

Жоокерге алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, райондук ооруканага жөнөтүшкөн. Бирок ал бейтапканага жетпей жан берген.

Куралга этиятсыздык мамиледен улам ок атылып кеткени айтылууда.

Бу факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасына маалымат жеткирилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.