Алайда жүздөн ашуу мергенчи таамай атуу боюнча күч сынашты

Мергендердин таамай атуу боюнча кезектеги мелдеши Алай районунда  өттү. Ага Ош,Жалал-Абад,Баткендин жүздөн ашуун көзгө атарлары катышты. Союз мезгилинде өткөрүлүп келип, кийин унунтта калып кетип бараткан бул иш-чара кайра 2010-жылдан бери жанданган.

Мергендер учма бутаны төрт багыт менен атышты. Алгач үч адамдан болуп командаларга бөлүнгөн көзгө атарлардын ар бири бир багытта эки учма бута атышат. Таамай атса упай берилет. Иш-чараны мергенчилик сезону бүткөн убакта алардын башын бириктирүү, такшалтуу максатында өткөрүп келишет.

Иш-чаранын соңунда таамай атып, окту сая кетирбеген мергендерге сыйлыктар тапшылырды. Биринчи орунду багындырган командага сайсыз ок атуучу курал, 2-3- орундарга жана мыкты аткан мергенге курал сактоочу сейфтер, акчалай сыйлыктар берилди. Эми кийинки мергендер таймашы май айында Кадамжай районунда өткөрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.