Алайда тарыхый мурастар талкаланып жатат

“Алай районунун эң кооз жерлеринин бири коркунучта”,-деп жазды өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына түркиялык сүрөтчү Зафер Динжер. Анын айтымында, Көк-Көлдүн айланасындагы уникалдуу саймалуу таштардын көбү көмүргө салган жолдун себебинен сынып жана талкаланып бара жатат.

Сүрөтчү Мурдаш жана Кара-Кур айылдарынын эли чыккан Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көл тез арада жоголуп кетиши мүмкүн экендигин айткан ал:

“Ошол жактагы жаңы көмүр карьери 2-3 күн мурун иштеп башталыптыр. Эгерде техникалар ишин уланта берсе, бир жумада бул кооздугу укмуш болгон жерден айрылып калабыз. 3-4 миң жылдан бери тынч-аман сакталып келе жаткан бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши толук ыктымал”,-деп  жазды.

Зафер Динжер Кыргызстандын тарыхый мурасын сактап калуу боюнча иш-аракеттер башталышы керек деп эсептейт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.