
Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 93-чакырымында (Кызыл-Коргон айылы) Toyota East унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кетип, Гүлчө дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдиришкендей, окуя болгон жерге No68 ПСЧ менен 4 куткаруучу жөнөп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган А.К ( эркек киши) жана 1971-жылы туулган Т.О. (аял) каза болушту.
Куткаруучулар унааны чыгарып, каза болгондордун сөөгүн суудан алып чыгышып, ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
- 30.07.2021